Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино жаатында Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
Борбор жөнүндө
Онлайн-казино иши
Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши мамлекеттик жөнгө салууга алынат. Оюн-зоок иши жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаты аларды уюштуруу жана өткөрүү менен байланыштуу социалдык тобокелдиктерди азайтуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, ошондой эле кумар оюндарын уюштуруучулардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоосун камсыздоо болуп саналат.
Ишенимдүүлүк
Айкындуулук
Коопсуздук
Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино чөйрөсүндөгү лицензиялар:
Виртуалдык казинону администрациялоого лицензия
Виртуалдык казиного операторлукка лицензия
Ишти жөнгө салуу
Мамлекеттик жөнгө салуу өзүнө оюн-зоок иши чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү, тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну, лицензиялоону, оюн-зоок жайларын контролдоону жана көзөмөлдөөнү, оюн-зооктун катышуучуларынын, оюн-зоок ишинин субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камтыйт.
1
Кумар оюндарынын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо
2
Уюштуруучулардын оюн-зоок ишин жүргүзүүсүнүн мыйзамдуулугун камсыздоо
3
Бардык оюнчулар үчүн кумар оюндарына катышуунун бирдей шарттарын камсыздоо